Лого киномотографии лого живописи

Омур баяны

Суймонкул Чокморов

(1939-1992)

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.

Сүрөтчү жана кино актёр Сүймөнкул Чокморов тууралуу коомчулукта анын тагдыры, өмүрү, эмгектери жетиштүү деңгээлде изилденбей, турмушундагы айрым маалыматтар элдин калың катмарына жетпей келатканы айтылып келет. Сүймөнкул Чокморов 1953-1958-жылдары Фрунзе көркөм окуу жайын аяктаган, 1964-жылы Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун сүрөт бөлүмүн бүтүргөн.

Сүймөнкулдун чыгармачылык таланты эки багытта өнүгүп келген. Сүрөт тартуу жанрында көп эмгектенүү менен кино жаатында да көптөгөн фильмдерде ийгиликтүү актёрдун жүзүн көрсөткөн. Анын "Караш-караш" кинофильминдеги биринчи чыгышы, ошондой эле андан кийинки ролдору да белгилүүлүктү алып келген. Сүрөтчү катары Сүймөнкул Чокморов пейзаждарды, натюрмортторду тарткан, бирок портрет искусствосуна өзгөчө кызыгуу менен караган. Анын моделдери негизинен чыгармачыл адамдар болгон. Ал белгилүү Манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн эки жолу тартып, динамикалуу, таланттуу акындын образын ийгиликтүү жараткан (С. Каралаев. Портрет - 1971-жыл, экинчиси - 1974-жылы). Ошондой эле актёр Советбек Жумадыловдун (1971-жыл), Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жанкорозованын да сүрөттөрүн жараткан (1973-жыл). Өзгөчө көңүл жана жылуулук менен "Апа" (1967-жыл) жана "Менин балам" (1972-жыл) образдары сүрөтчүнүн колунан жаралган. Чокморовдун чыгармачылыгындагы эң маанилүүсү, бул чет өлкөлөрдөгү атактуу кино ишмерлери менен кезигүүсү болгон. Япон жергесиндеги кино-искусствонун чеберлери менен болгон кезигүүсүндө, япон кинорежиссёру Акира Куросава жана актёр Тосиро Мифуненин, итальялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тарткан. Сүймөнкул Чокморовдун артында 400дөй живопись эмгектери жана 20 фильмде жараткан эң мыкты образдарды калган. Анын негизги сүрөт чыгармалары Кыргыз Мамлекеттик искусство жана сүрөт музейинде сакталган.